Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 23-сентябрында Улуттук банктын кызматкерлери арасында «Сабаттуу бол» жат жазуу сынагы болуп өттү.  

Сынак учурунда катышуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли тест аркылуу аныкталып, тиешелүү үч категорияга бөлүнгөн. Бөлүнгөн категориялар боюнча мамлекеттик тилде жат жазуунун жыйынтыгында артыкчылыктарга ээ болгон кызматкерлер атайын сыйлыктар менен сыйланды.