2019-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган кезектеги банктык тегерек стол маеги болуп өттү

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жана тиешелүү кызматкерлери, Кыргызстан банктарынын союзу юридикалык жактар бирикмесинин, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, коммерциялык банктардын жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты.  

Банктык тегерек стол маегинин катышуучулары Улуттук банктын акча-кредит саясаты, региондордо банк кызматтарын сунуштоо, банктык кызматтарды санариптештирүү, чет өлкө банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүү сыяктуу актуалдуу маселелерди, ошондой эле мыйзам талаптарын, ченемдик укуктук базанын талаптарын жакшыртууну жана башка маселелерди талкуулашты. 

Банктык тегерек стол маеги банк секторунун катышуучулары өз ара натыйжалуу иш алып баруусу үчүн банк тутумундагы маанилүү маселелерди талкуулоого шарт түзгөн аянтчалардын бири болуп саналат.