Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 30-сентябрында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция бир калыпта төмөн динамикада сакталууда. Жылдык инфляция 2019-жылдын январь айындагы 0,4 пайыздан жогорулап, сентябрь айында (20-сентябрга карата) 2,2 пайызды түзгөн. Инфляциянын мындай түптөлүшү буга чейин мурда белгиленгендей эле дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баа конъюнктурасынын туруктуу болушу жана ички суроо-талаптын жогорулап кетпеген динамикасы менен шартталган.  

Улуттук банк, ички жана тышкы таасирлер жок болгон шартта, төмөн инфляциялык динамика өтүп жаткан жылдын акырына чейин 4,0 пайыздан ашпаган көрсөткүчтө (2019-ж. дек./2018-ж.дек) сактала тургандыгын, ал эми анын орточо жылдык мааниси 1,2 пайыз деңгээлинде болушун болжолдоодо.  

Өлкөнүн экономикасы бир калыпта өнүгүп жатканын көрсөтүүдө. 2019-жылдын январь-август айлары ичинде реалдуу ИДӨ 6,2 пайызга, ал эми «Кумтөр» ишканалары боюнча маалыматты эске албаганда 3,0 пайызга өскөн. Экономиканын өнүгүшүнө өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлору негизги салымды кошкон. 2019-жылдын январь-июль айлары ичинде өлкөгө акча каражаттарынын агылып кирүү көлөмү 1,1 млрд АКШ долларын түзүү менен 13,4 пайызга азайгандыгы байкалган. Ошол эле учурда реалдуу эмгек акынын өсүү тенденциясы сакталып, 2019-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ал 4,6 пайызга өскөн.  

Монетардык сектордо абал туруктуу сакталган. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек диапазонунда сакталууда. Банктар аралык кредит рыногунда жигердүүлүк сакталган. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын түрткү берүүчү багыты экономиканы кредиттөөнү жогорулатууга жана акырындап акыркы керектөөчүлөр үчүн кредиттик ресурстар наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. Коммерциялык банктардын ресурстук базасынын кеңейиши уланууда. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк деңгээли, негизинен, мамлекеттик финансы секторунун операцияларынын натыйжасында төмөндөө тенденциясына ээ болгон, бул Улуттук банк тарабынан арылтуу операцияларынын жүргүзүлүшүн азайтууну шарттаган. Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.  

Жалпысынан азыркы макроэкономикалык жагдай жана тышкы чөйрөдө түзүлгөн жагдайлар менен түптөлгөн тенденциялар Улуттук банктын күтүүлөрүнө туура келет. Тышкы чөйрөнүн жана ички шарттардын өнүгүүсүнө баа берүүлөр Кыргыз Республикасынын экономикасында инфляция орто мөөнөттүү келечекте акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүнүн алкагында, 5-7 пайыз чегинде, түптөлүшүн күбөлөндүрөт. Мындай шарттарда эсептик ченди сактап калуу чечими кабыл алынган. Экономикалык жагдайга жараша Улуттук банк акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат. Ички жана тышкы чөйрөдө тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурдагы багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгү менен кайра карап чыгышы мүмкүн. 

 

Маалымат үчүн: 

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча Улуттук банк Башкармасынын кийинки отуруму 2019-жылдын 25-ноябрында өткөрүлөт

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздарда)