Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 2-ноябрына чейин abakesarieva@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.