Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо талабына ылайык, «Диджитал Пэйментс-К» жоопкерчилиги чектелген коому өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүргүзүү укугуна № 3027111019 лицензиясын 2019-жылдын 11-октябрында алды. 

«Диджитал Пэйментс-К» ЖЧК боюнча тиешелүү маалыматтар төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын реестрине киргизилди.