Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелери долбоорун (мындан ары-долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 16-ноябрынан кечиктирбестен sibragimova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.