1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Базель II эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү максатында жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына андан ары шайкеш келтирүүнүн алкагында, «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтомдун долбоору ошондой эле Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2009-жылдын 14-апрелиндеги №5/2 токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөрүнө укуктук ченемдик акты статусун берүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 18-ноябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы операциялык тобокелдиктер, левераж коэффициенти жана чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү маселеси боюнча Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Базель II жана III эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү максатында жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарына андан ары шайкеш келтирүүнүн алкагында иштелип чыккан. 

Долбоор операциялык тобокелдиктерди эске алуу менен суммардык капиталдын шайкештиги коэффициентин, левераж коэффициентин, ошондой эле чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүк көрсөткүчүн эсептөө боюнча банктарга карата талаптарды белгилеген ченемдерди камтыйт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 18-ноябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.