Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын жыл сайын өтүүчү кеңешмесине катышты 

 

2019-жылдын 14-20-октябрь күндөрү Эл аралык валюта фондунда Кыргыз Республикасынан башкаруучу болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында АКШнын Вашингтон шаарында болуп өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жылдык жыйынына катышты.  

Аталган иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясы борбордук банктын ишине жана дүйнөдөгү жалпы экономикалык кырдаалга тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле, Эл аралык валюта фондунун жаңы башкаруучу директору Кристалина Георгиева менен жолугушуу болду. Жолугушууда Эл аралык валюта фонду менен Кыргыз Республикасынын мындан ары өз ара иш алып баруу маселелери тууралуу айтылды.