«Жаш кесипкөй адистер» программасы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы экономика жана башка тармактар боюнча жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жана жаш адистер үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү «Жаш кесипкөй адистер» программасын кайрадан ишке киргизүүдө.  

Бул программанын максаты өлкөнүн борбордук банкынын иш процессине түздөн-түз катыштыруу аркылуу жаш адистердин банк чөйрөсүндөгү кесиптер боюнча толук маалымдар болуусу, аралашуусу үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Сынактан өткөн жаш адистер (35 талапкер) Улуттук банктын ар башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө 8 (сегиз) ай тажрыйбалык такшалуудан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Бул программа, республиканын финансы жана банк системасында иштөөнү каалаган, жогорку билим көрсөткүчтөрүнө жана мыкты чыгаан сапаттарына ээ жаш адистер үчүн бирден бир мүмкүнчүлүк.  

Программа экономика, статистика, финансы, эконометрика жана математикалык ыкмалар, бухгалтердик эсепке алуу, аудит, юриспруденция, маалымат технологиялары, социология, физика, электроника ж.б. сыяктуу чөйрөлөрдү өздөштүрүү максатын көздөгөн, келечекке умтулган жаш муундарга арналган. Тажрыйбалык такшалуудан өтүүнүн бардык мезгилине ар айлык 2000 сом өлчөмүндө эмгек акы белгиленет. 

Программаны ийгиликтүү аяктаган, келечекке умтулган адистер Улуттук банкка ишке чакырылат же кадрлар резервине киргизилет. 

 

Талапкерлерге коюлган талаптар: 

· Кыргыз Республикасынын жараны; 

· жаш курагы: 25 жашка чейин; 

· бакалавр же магистр даражасына ээ билими (артыкчылыкка ээ же тиешелүү тармак боюнча эң мыкты деген баалар артыкчылык кылган диплом); 

· кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн, англис тилин билүүгө артыкчылык берилет; 

· төмөнкү адистиктер боюнча: экономика, статистика, финансы, бухгалтердик эсепке алуу, аудит, юриспруденция, маалымат технологиялары, социология, эконометрика жана математикалык ыкмалар, физика, электроника. 

Программага катышуу үчүн билдирмелер 2019-жылдын 4-октябрынан тартып кабыл алынат.  

Документтер 2019-жылдын 6-ноябрында саат 17:00 чейин кабыл алынат. 

Программага катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

· кадрларды эсепке алуу баракчасы; 

· таржымал (кошумча маалыматтар); 

· өмүр баяны; 

· тиешелүү кесиптик билимин жана квалификациясын тастыктаган документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү); 

· паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү

· аскердик билеттин көчүрмөсү

 

Бардык суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Чүй проспекти 168, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, № 117/1 иш бөлмөсү, тел.: (0312) 669018, (0312) 61-10-21.