Финансылык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жармаңкеси 

 

Дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнүн алкагында 2019-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында, “Дордой Плаза 2” соода борборунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өнөктөш уюмдар тарабынан биргелешип уюштурулган финансылык жармаңке өткөрүлдү.  

Иш-чаранын максаты - жарандарга финансылык пландаштыруу, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү туура жана акыл ченемдүү колдоно билүү, өз финансылык абалын жакшырткысы келген жана рынокто сунушталуучу банктык же башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууну каалаган адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү.  

“Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү бул жылы «Кыялдар канат байлаганда» деген ураан алдында өтүүдө. Бул ураан бүтүндөй иш-чаранын маани-маңызын ачып, бүгүнкү күнү Кыргызстан калкы үчүн каражат топтоонун эң туруктуу ыкмасы - бул, банктык аманат экендигин тастыктап турат” деп билдирди, Улуттук банктын башкарма мүчөсү Алмаз Сыдыков иш-чараны ачып жатып.  

Өткөн жылдагыдай эле, финансылык жармаңке Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2016-2020-жылдарга каралган мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлүүдө.