Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.  

Долбоор Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту өркүндөтүү, ошондой эле коммерциялык банктардан алынган отчеттук маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процессин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.   

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 2-декабрынан кечиктирбестен rkerimkulova@nbkr.kg жана balymkulova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.