Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Базель III эл аралык стандарттарына ылайык банктардын туруктуулугун сактоо, ошондой эле ликвиддүүлүгүн колдоо максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 01-декабрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.