Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин (ЕАЭБ) борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин отурумуна катышты 

 

Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов жетектеген делегация Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2019-жылдын 31-октябрында болуп өткөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин (ЕАЭБ) борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин 20-отурумуна катышты. 

Ошондой эле аталган отурумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын төрагалары катышты. Отурумдун жүрүшүндө финансы рыногунда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, улуттук төлөм системаларынын жана акча-кредиттик саясатынын маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар финансы рыногунун кибер коопсуздугун камсыз кылуу жолдорун иштеп чыгуу боюнча иштерди улантууну макулдашты.