2019-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, акционердик коомдордун, юридикалык жактар бирикмеси формасындагы тармактык ассоциациялардын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышкан Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

Отурумдун жүрүшүндө Нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун төмөнкүдөй маселелери кароого алынды: 

- региондордо банктык жабдууларды орнотуу; 

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарына) нак эмес эсептешүүлөр маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

- медициналык кызматтар үчүн төлөмдөрдү, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды POS-терминалдар аркылуу төлөө

- «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын жана коммерциялык банктардын региондордо POS-терминалдарды орнотуу боюнча биргелешкен долбоору.