Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор кредиттерди берүү учурунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын комиссиялык жана башка төлөмдөрдү белгилөөсүндө бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2019-жылдын 4-декабрынан кечиктирбестен nzhaparkulova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүү зарыл.