Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын жана Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын алкагында ишин улантууда. 

Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында картты пайдалануу менен нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын аймагында эл аралык төлөм системасынын карттары боюнча улуттук валютада эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды аяктады. MasterCard жана Visa эл аралык системалары менен өлкө ичиндеги эсептешүүлөр боюнча келишимдер түзүлдү (2019-жылдын 4-мартында жана 1-ноябрында) жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын катышуусунда долбоор ишке ашырыла баштады.  

Бул долбоорлорду колдонууга киргизүү менен карт ээлери соода-тейлөө ишканаларында комиссиялык төлөм төлөөсүз жана конвертациялоосуз кайсы болбосун банктын POS-терминалы аркылуу нак эмес төлөмдөрдү, акыркы эсептешүүнү дароо ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Ушуну менен катар эле, ЕАЭБ мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктары менен кызматташуунун алкагында улуттук карттар системаларын интеграциялоо иштери жүрүп жатат. 2019-жылдын башынан тартып 18 коммерциялык банк МИР улуттук картын өз инфраструктурасында кабыл алууну камсыз кылган. Бул иш алгачкы интеграциялоо баскычы болуп саналат, натыйжада Элкарт жана МИР улуттук карттары бири-биринин инфраструктурасында тейлөөгө алынышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кийинки баскычта Элкарт жана МИР карттары ортосунда акча которууну ишке киргизүү пландаштырылууда.