Улуттук банктын рыноктук тобокелдиктерди жөнгө салууга (пайыздык чен тобокелдиги) тиешелүү ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана аларды Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 30-октябрында №2019-П-12/54-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана №2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомдор кабыл алынган. 

Жогоруда аталган токтомдор менен «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы бекитилип, Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди: 

- «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобо

- «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо; 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик уюмдарында рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.