Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор, арбитраждык валюта операцияларын жүргүзүүдө коммерциялык банктарга карата минималдуу талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. Бул долбоордо арбитраждык валюта операцияларынын аныктамасын берүү жана тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча минималдуу талаптарды жана кредиттик чектин максималдуу өлчөмүн белгилөө менен мындай операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салуу сунушталган. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 18-декабрынан кечиктирбестен asadykov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.