Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун 

миссиясы өз ишин баштады 

 

Кыргыз Республикасына Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы келди. Миссиянын ишинде Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү департаментинин директорунун орун басары Субир Лал мырза да катышууда. 

ЭВФ миссиясынын иш сапарынын максаты учурда экономикада түптөлгөн багыттарды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин абалын талкуулоо. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган. 

Өлкөнүн региондорунда түптөлгөн экономикалык жагдайга баа берүү максатында 16-ноябрдан 18-ноябрга чейин ЭВФ миссиясы Нарын областына сапар алып, жергиликтүү бийлик органдардын, жеке сектордун, мектептердин жана ооруканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. 

Миссиянын иши 2019-жылдын 26-ноябрына чейин уланат.