Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда корпоративдик башкарууга жана финансылык отчеттуулукка тиешелүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр долбоорун коомдук талкууга чыгарат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 23-декабрынан кечиктирбестен smaitashova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.