Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөрүн санариптик трансформациялоонун 2020-2021-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Документ, банк секторунда санарип технологияларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында иштелип чыккан, бул, өз кезегинде, керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсү сапаттуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусуна шарт түзөт. 

Банк тутумун өнүктүрүү саясатын аныктаган орган катары Улуттук банк, рыноктун катышуучулары өз ишин уюштурууда жана бизнес-процесстерди андан ары өнүктүрүүдө эске алышы мүмкүн болгон санарип банктык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилеген.  

Документ Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» жана «Банк тутуму» / «Банк секторун өнүктүрүү стратегиясы» бөлүгүндө жайгаштырылган.