Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жана операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарда кредиттик тобокелдикти тескөө бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 2-январынын кечиктирбестен kdjakypova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.