Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Азия Банкы» жабык акционердик коомуна Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган) нак жана нак эмес формада аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен жана башка эмитенттердин жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар (нак эмес формада) менен операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 18-декабрындагы чечими менен уруксат берилгендигин билдирет.