Микрофинансылык уюмдардагы кредиттерди камсыздоо, электрондук кол тамганы пайдалануу менен кардарларды обочо/аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жагында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле кредиттик отчетту талдап-иликтөө шарттарын жакшыртуу максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары долбоор) иштелип чыкты. 

Долбоордо айрым операциялар боюнча электрондук кол тамганы колдонууну, электрондук кол тамганы колдонуу боюнча тобокелдиктерди чектөөнү Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салуу, ошондой эле электрондук кол тамганы колдонуу менен операцияларды жүргүзүү боюнча тактоолорду киргизүү сунушталат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2020-жылдын 21-январынан кечиктирбестен akubatbekov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүү зарыл.