«Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо талабына ылайык, «Кыргызмобайлкомпани» жоопкерчилиги чектелген коому 2020-жылдын 8-январында төмөнкү иш багыттарын жүргүзүү укугуна лицензияларды алды: 

№ 3028080120  өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

№ 2027080120  үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

«Кыргызмобайлкомпани» ЖЧК боюнча тиешелүү маалыматтар төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын реестрине киргизилди.».