Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Базель III эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү, ошондой эле жогорку ликвиддүү активдердин жетиштүү запасын камсыздоо жолу менен банктардын ликвиддүүлүгүн жана туруктуулугун сактоо максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 27-декабрында № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.