Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 27-декабрында № 2019-П-12/68-1-(НПА) «Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2009-жылдын 14-апрелиндеги №5/2 токтому менен бекитилген, Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө укуктук ченемдик акты статусун берүү, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Базель II эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү максатында жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына андан ары шайкеш келтирүү алкагында кабыл алынган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.