Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Базель комитетинин банктык көзөмөл боюнча эл аралык стандарттарына, атап айтканда, Базель II жана III стандарттарына ылайык келтирүү жана андан ары Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында 2019-жылдын 27-декабрында төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

- № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- № 2019-П-12/68-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

Токтомдор операциялык тобокелдиктерди эске алуу менен суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин, левераж коэффициентин, ошондой эле чет өлкө валютасында ликвиддүүлүк көрсөткүчүн эсептөө боюнча банктарга карата талаптарды белгилөөчү ченемдерди камтыйт. 

Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.