Калктын ислам каржылоо принциптери тууралуу маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу максатында Улуттук банк тарабынан «Ислам банкинги боюнча суроолор жана жооптор» аттуу китепче даярдалды.  

Бул китепчеден окурман ислам банкингинин өзгөчөлүктөрү, ислам каржылоо принциптерине ылайык сунушталган операциялардын негизги түрлөрү, ошондой эле аларды ишке ашыруу тартиби тууралуу маалымат ала алат.  

Китепче менен ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардан, микрофинансылык уюмдардан, Кыргызстан ислам университетинен алып, таанышып чыгууга болот.  

Китепченин электрондук вариантын Финсабат: http://finsabat.kg сайтынан алып окусаңыздар болот.