Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2020-жылдын 27-29-январь күндөрү Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «ФОЭС 9. Күтүлүүчү кредиттик чыгымдардын моделин түзүү» темасында семинар болуп өттү

Лектор Дүйнөлүк банктын консультанты Кумар Дасгупта (АССА). Ал ФОЭС 9 стандартын иштеп чыккандардын бири болуп саналат, ошондой эле ФОЭС 9 боюнча бардык долбоорлорду убагында жетектеген Эл аралык эсепке алуу стандарттары боюнча Кеңешинин (IASB) техникалык директору болуп эмгектенген.  

Семинарда күтүлүүчү кредиттик чыгымдарга баа берүүнүн эл аралык алдыңкы практикасы, түзүлгөн моделдер боюнча тобокелдиктерди тескөө, келечектүү моделдерин түзүү жана аларды ырастоо маселелери каралып, баа берүү маанилеринин аудити боюнча кайра каралган эл аралык аудит стандартына баяндама жасалды.