Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коллекциялык эстелик монеталарын көргөзмөгө чыгаруу жана кеңири жайылтуу максатында, Берлин шаарында (Германия) 2020-жылдын 31-январынан 2-февралына чейин болуп өткөн Дүйнөлүк акча көргөзмөсү World Money Fair боюнча жыл сайын өтүүчү 49-көргөзмөгө катышты.  

Көргөзмөгө Улуттук банктын нумизматикалык баалуулуктары: Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдырган жана ар түрдүү серияда чыгарылган алтын, күмүш жана жез-никель коллекциялык монеталарынын түрлөрү, улуттук валютанын кесилбеген белек банкноттор топтомдору коюлуп, алар кесипкөй коллекционер-нумизматтар тарабынан суроо-талаптарды гана жаратпастан, кооз эксклюзивдүү баалуулуктарды сүйүүчүлөрдү да абдан кызыктырды. Көргөзмөдө дүйнөлүк коомчулук жалпы Кыргызстан өлкөсүнө өзгөчө кызыгуу артканын белгилеп кетүүгө болот.