Улуттук банк банктык портфелдин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо жана ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентинин деңгээлине мониторинг жүргүзүү үчүн коммерциялык банктардан маалымат алуу максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Ошондой эле, долбоордо ликвиддүүлүк ченемдерин (К3.1, К3.2) эсептөө тартибин өзгөртүү жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде Улуттук банктын коммерциялык банктарга алардын системалуу маанилүүлүгү жөнүндө билдирүүсү тууралуу ченем киргизүү каралган. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 5-мартынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл