Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепциянын долбоорун (мындан ары-долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 29-февралынан кечиктирбестен sibragimova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.