Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо талабына ылайык, «КЭМП Мани» жоопкерчилиги чектелген коому 2020-жылдын 5-февралында төмөнкү иш багыттарын жүргүзүү укугуна лицензияларды алды: 

№ 3029050220  өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

№ 2028050220  үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

«КЭМП Мани» ЖЧК боюнча тиешелүү маалыматтар төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын реестрине киргизилди.