Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коомдук талкууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна топтук кредиттерди жөнгө салуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 13-мартынан кечиктирбестен zhnarynbekkyzy@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.