Чет өлкө валютасынын жасалма банкнотторунун пайда болгондугу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга  байланыштуу Улуттук банк жарандарды чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын ишке ашырууда кылдат болууга чакырат. Нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн акча алмаштыруу бюросунун кызматкерлеринен банкноттун аныктыгын валюталар детекторунда текшерип берүүнү талап кылуу керек. Валюта алмаштырууда акча алмаштыруу бюросу Улуттук банктын лицензиясына жана уруксат берүүчү башка документтерге ээ экендигине көңүл бөлүү зарыл. Акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы жана каттоодон өткөндүгү жөнүндө  каттын түп нускасы көрүнүктүү жерде илинип турууга тийиш. 

Аныктыгы күмөн жараткан улуттук валютанын банкноттору/монеталары табылган учурда, аларды ИИМ/Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына/УКМК же Улуттук банкка өткөрүп берүү зарыл. 

Аныктыгы күмөн болгон улуттук валютанын банкноттору/монеталары экспертизага Улуттук банк тарабынан күн сайын дүйшөмбүдөн тартып жума күндөрү саат 9.00 -12.00 чейин кабыл алынат жана акысыз жүргүзүлөт. 

Аныктыгы күмөн жараткан чет өлкө валютасынын банкноттору/монеталары табылган учурда, аларды ИИМ/ Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына/УКМК өткөрүп берүү зарыл. Аныктыгы күмөн болгон чет өлкө валюталарынын банкнотторуна/монеталарына экспертиза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт. 

Аныктыгы күмөн банкнотторду/монеталарды  өткөрүүгө аракет кылбаңыз, себеби жасалма акчаны жасап чыгаруу эле эмес, аларды жайылтуу иш-аракети да Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренесинин талаптарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.