Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо талабына ылайык, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 2020-жылдын 20-февралында төмөнкү иш багытын жүргүзүү укугуна лицензия алды: 

№ 3030200220  өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК боюнча тиешелүү маалыматтар төлөм уюмдарынын реестрине киргизилди.