2020-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын делегациясы ортосунда жолугушуу болуп өттү.  

Делегацияны Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Финансылык институттар департаментинин Директорунун орун басары Жахан Шамсиев мырза жетектеди.  

Жолугушуу учурунда соода тармагын каржылоо потенциалын өнүктүрүү, банк секторун өнүктүрүү тенденциялары тууралуу маселелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.