Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 24-февралында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 75 базистик пунктка 5,0 пайыз деңгээлине чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 25-февралынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында баа динамикасы орточо деңгээлде өсүүнү көрсөтүүдө. Өтүп жаткан жылдын февраль айында (14-февралга карата) инфляция жылдык мааниде 3,9 пайызды түзгөн. Товарлардын азык-түлүк тобуна баалардын өсүшү баалардын жалпы деңгээлине инфляциялык басым көрсөтүүнү уланткан.  

Өлкө экономикасынын өнүгүшү мурдагыдай эле көбүрөөк деңгээлде тышкы экономикалык шарттардан көз каранды бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүк сакталып турат. Ал эми глобалдык жана регионалдык азык-түлүк рынокторундагы тенденциялар жакынкы аралыкта акырындык менен жогорулашын улантат.  

Улуттук банк тышкы шарттардын чектүү таасири жана ички таасирлердин жок болушу шартында, үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде инфляция деңгээли максаттуу көрсөткүчтүн төмөнкү чегине жакындай тургандыгын болжолдойт. Өтүп жаткан жылдагы орточо жылдык инфляция (мезгилге карата мезгил) 4,6 пайыз деңгээлинде, ал эми жыл акырында (2019-жылдын декабрына карата 2020-жылдын декабрь айы) 5,0 пайыз тегерегинде болжолдонууда.  

Кыргыз Республикасынын экономикасында чогуу алгандагы суроо-талап өлкө ичиндеги экономикалык жигердүүлүктүн сакталышынын эсебинен сыяктуу эле, жергиликтүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнүн эсебинен да колдоого алынып турат.  

Экономиканын монетардык жана финансы секторлорунда алгылыктуу тенденциялар сакталууда. Банк тутумунда сакталган үстөк ликвиддүүлүк Улуттук банк тарабынан арылтуу операцияларын жүргүзүүгө түрткү берет. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери, Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин алкагында, негизги ченге жакын деңгээлде катталган. Ал эми банктар аралык кредит рыногунда жигердүүлүк сакталып турат.  

Негизги чен боюнча чечимдер инфляциянын айкын деңгээлин жана орто мөөнөттүү мезгил аралыгында максаттуу көрсөткүчкө карата 5-7 пайыз деңгээлинде болжолдонуп жаткан инфляция динамикасын эске алуу менен кабыл алынат. Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана түзүлгөн ички шарттарды, ошондой эле орто мөөнөттүү мезгилде болжолдуу инфляциялык процесстердин динамикасын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. 

Улуттук банк ички жана тышкы факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча кийинки отуруму 2020-жылдын 30-мартында өтөт.  

 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция (%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде)

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция (%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде)

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени (пайыздар)