Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы чечими менен «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коомуна башка эмитенттердин стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү аффинаждалган баалуу металлдары менен жана жогорку сапат белгисине ээ банк күмүшүнөн, алтынынан жана платинасынан даярдалган монеталар менен нак жана нак эмес формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилген.