Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен кредит берүүдө коммерциялык банктарга карата минималдуу талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. Бул долбоордо кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоону аныктоо жана бир катар талаптарды белгилөө сунушталган. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 27-мартынан кечиктирбестен ukulmanbetov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.