2020-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда коммерциялык банктардын, Кыргызстан банктарынын бирикмесинин жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрү катышышты.  

Отурумдун алкагында төмөнкү маселелер талкууланды: 

- банктык жабдууларды алып келүү жана бирдей жайгаштыруу; 

- банктык жабдууларды мамлекеттик мекемелердин аймактарында жана коммерциялык банктардын тарифтери менен орнотуу; 

- QR-коддорду колдонуу менен акча которуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү

Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган Концепция

Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (Дата борбору). 

Мындан тышкары, электрондук капчыктардын ишин жөнгө салуу боюнча маселелер каралды. 

Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгында, коммерциялык банктар Макулдашуунун негизинде 2020-жылга пландаштырылган банктык жабдууларды толук алып келүүнү камсыз кылууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана башка төлөмдөр үчүн банктык карт, интернет-банкинг, электрондук капчык, QR-код аркылуу нак эмес формада төлөөнү жайылтууну камсыз кылууга милдеттеништи.