Валюта рыногундагы жагдай тууралуу 

 

Азыркы учурда республиканын валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталууда. 2020-жылдын башынан тартып 9-мартка чейин АКШ долларынын сомго карата расмий курсу бир АКШ доллары үчүн 0,49%, 69,5117 сомдон 69,8500 сомго чейин өскөн.  

Учурда колдонулуп жаткан өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясатынын алкагында, АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талапка жана сунушка жараша эркин түптөлөт.  

Улуттук банк туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндөгү жагдайды кошо алганда, ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайды байкоого алып турат. 

Зарыл учурларда чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк кийлигишүүсү мүмкүн, себеби кескин өзгөрүүнү текшилөө боюнча жетиштүү инструменттерге ээ. 

Эл аралык камдардын жетиштүү запасы, валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгү валюта рыногунда туруктуу жагдайдын сакталышын камсыз кылат.  

Улуттук банктын эл аралык камдарынын запасы жетиштүү болуп саналат. 2020-жылдын 6-мартына карата эл аралык камдар көлөмү 2 400,15 млн. АКШ долларын түзгөн, бул өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун 4,9 айынын ордун жабат.  

Улуттук банк сом колдонууга киргизилген учурдан тартып жүргүзүп келген өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясаты дүйнөлүк рыноктордо орун алган өзгөрүүлөргө жана ички макроэкономикалык жагдайга ыңгайлашууда өз натыйжалуулугун тастыктаган. Бүтүндөй мезгил ичинде сомдун алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүк тенденциясы Кыргыз Республикасынын экономикасын ачык жүргүзүүдө ар кандай тышкы жана ички таасирлерге салыштырмалуу туруктуу экендигин көрсөткөн.  

Маалымат катары билдире кетсек, Улуттук банк коммерциялык банктарга, ошондой эле алмашуу бюролоруна да чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу суммасы боюнча кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизген эмес жана кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү маселесин карабайт.  

Ушул себептерден, жарандарды улуттук валюта - сомдун курсуна тиешелүү божомолдорго, ушак кептерге жана башка тастыкталбаган булактардан алынган маалыматтарга көңүл бурбоого чакырабыз.