2020-жылдын 9-мартында Бишкек шаарында «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси тарабынан уюштурулган кезектеги банктык тегерек стол маеги болуп өттү

Аталган иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Гарантиялык фонд ААКтын, «Ишеним» кредит бюросу ЖАКтын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, Банктар аралык процессинг борбору ЖАКтын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты. 

Банктык тегерек стол маегинин катышуучулары банк ишинде мамлекеттик органдар менен өз ара натыйжалуу иш алып баруунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, Улуттук банктын акча-кредит саясаты, региондордо банктык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, аларды санариптештирүү жана аралыктан идентификациялоо механизмдерин ишке ашыруу, ошондой эле «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун сервистерине туташуу процесстерин оптималдаштыруу маселелерин карап чыгышты. Мындан тышкары, бул иш-чаранын алкагында колдонуудагы салык мыйзамдарынын, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын ишке ашыруу жана өркүндөтүү маселелери да талкууга алынды.  

Банктык тегерек стол маеги банк секторунун катышуучулары үчүн банк тутумундагы маанилүү маселелерди талкуулоого шарт түзгөн салттуу аянтча болуп саналат.