Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, «Дордой» соода комплекси, Шымкент токтотуу жайы, № 3 «Т» дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Аман ЛТД» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 17-июлундагы № 5915 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 10-мартынан тартып 16-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.