Валюта рыногундагы жагдай тууралуу 

 

Cоода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн финансылык рынокторунда улам өзгөрүлүп турган жагдай байкалууда. Соода жүргүзүү жана финансы операциялары аркылуу рыноктордун бири-бирине байланышта болушу бул өлкөлөрдө орун алган жагдайдын Кыргыз Республикасынын финансылык индикаторлоруна да таасир берүүнү шарттайт.  

Мындай шарттарда Улуттук банктын чаралары Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы таасирлерди жеңилдетүүгө багытталган. Баа жана финансы туруктуулугун камсыз кылуу Улуттук банктын негизги максаттарынын бири болуп саналат. 

Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин карманат. Ошентсе да, валюта рыногундагы активдүүлүк көп учурда жарандардын күтүүлөрү менен психологиялык факторлордон улам жаралууда.  

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк 2020-жылдын 10-мартында 53,7 млн АКШ доллары жалпы суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияны ишке ашырды (анын ичинде нак акчада 4,0 млн АКШ доллары). Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.  

Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмү жогорку деңгээлде жетиштүү жана ал келечектеги товарлар импортунун 5,0 айынын ордун жабат, 2020-жылдын 9-мартына карата эл аралык камдар көлөмү 2 428,26 млн. АКШ долларын түзгөн.  

Эл аралык камдардын жетиштүү запасы, акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн жана жөнгө салуунун кеңири инструменттери Улуттук банкка ыкчам чара көрүүгө, анын ичинде алып сатуу иштерине жол бербөө максатында, валюта интервенцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.  

Улуттук банк туруктуу негизде ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайды байкоого алып турат. 

 

Маалымат үчүн: 

2020-жылдын башынан тартып 10-мартка чейин Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, 140,2 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзгөн.