Улуттук банктын төрагасы санарип финансылык технологиялар тууралуу Мамлекеттик башкаруу Академиясында айтып берди 

 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Кыргыз Республикасындагы санарип финансылык технологиялар» темасында атайын лекция окуду.  

 

Аталган лекцияны угууга Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистранттары, профессордук окутуучулар курамы, ошондой эле Улуттук банктын башчысы менен жолугушуп, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп издеген адамдар катышты.  

 

Жолугушуу учурунда катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын жүргүзүп жаткан иши, валюта рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу боюнча көрүлүүчү чаралар тууралуу айтып берди.