Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун коомдук талкууга чыгарат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 10-апрелинен кечиктирбестен ntoktobekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.