COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштөө тартиби жана алардын ишин жөнгө салуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизгендигинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын маанилүү бизнес-процесстеринин ишин камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чаралар тизмесин жана иш-чаралар топтомун жүзөгө ашыруу ыкмаларын бекитти. 

2020-жылдын 23-мартында кабыл алынган тиешелүү № 2020-П-12/14-1-(БС) токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.