Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

маалыматтык билдирүүсү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад областынын Сузак районунун аймагына өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош областынын Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагына өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» жарлыктарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.  

Өзгөчө абал киргизилген шартта, Улуттук банк ишин банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун сактоо, төлөм жана которуу операцияларын үзгүлтүксүз ишке ашыруу, калктын жана экономиканын нак акчага муктаждыгын өз убагында жана үзгүлтүксүз коммерциялык банктар аркылуу камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте санитардык чараларды бекем сактоону талап кылуу менен айрым кызматкерлер үчүн ишти орундарында жана аралыктан иштөөнү уюштуруу менен жүргүзөт. 

Расмий маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg жана социалдык тармактардагы Улуттук банктын расмий баракчаларында жайгаштырылат. 

Эпидемиялык кырдаалдан улам өзгөчө абал жарыялангандыгына жана элге жалпы жугуу коркунучуна байланыштуу Улуттук банкта жарандарды жеке кабыл алуу убактылуу токтотулду. 

Бардык кызыктырган суроолор менен mail@nbkr.kg электрондук почтасы же төмөнкү телефон аркылуу кайрылууну сунуштайбыз: коомдук маалымдама 0312 61 04 86.